Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.
Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.
Журналист Элнура Кулуева улуттук баалуулуктарга каршы келген лозунгдар менен чыккандарга карата коомчулуктун реакциясы туура эле болду деген оюн айтты.
"8-март майрамды 2-3 жылдан бери эле феминисттик кыймылдын өкүлдөрү туура эмес нукка буруп келе жатышат. Өткөн жылдары да Курманжан датканын сүрөтүн кошо көтөрүп алышып, чай куйбайм деген сындуу көптөгөн биздин улуттук баалуулуктарыбызга туура келбеген лозунгдар менен чыгып, элдин кыжырын келтирип жүрүшкөн. Бул жолу да "Менин жатыным - менин ишим" деген лозунгдар менен чыгышты. Бизде, кыргызда баалап, барктап аяр мамиле жасай турган баалуулуктар бар. Ал эми булар өткөндө маданияттын очогу болгон музейге барып алып чечинип чыгышты. Эл топтолууга болбойт, тыюу салынат дегенди укпай кайрадан топтолушту. Мындай учурда коомдун кайсы бир реакциясы керек болчу жана бул туура реакция болду. Милиция активисттерди кармаган жок, алар аялдардын укугу дегенге жамынып гейлерди, бир жыныстуу мамилени колдоп, аны пропаганда кылгандарды таратты.
Эгерде алар чын эле фактылар менен аялдардын укугун коргойбуз, кордолушуна жол бербейбиз деген ураандар менен алдын ала шаар бийлиги менен макулдашып, ушул гана багытты көздөп чыгышса мен деле аларды колдомокмун", - деди Кулуева.