Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Биз жүрүшкө чыккан кыз-келиндердин оюн уга билишибиз керек болчу" КҮНСОБОЛ

Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.

Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кечээ жүрүшкө чыккандардын үнүн угуш керек болчу, аларга мындай мүмкүнчүлүктү бербей койгондор жооп берсин деген оюн айтты.

"Феминист активист аялдар митингге эмес, жүрүшкө чыкты. Бийлик, милиция ушул экөөнүн айырмасын билбейби? Маршка уруксат берип коюш керек болчу, анын эмнеси бар? Ошол учурда кыргыздын ак калпагын кийип, бет кап менен эркек адамдар кирип келди. Алар биринчиден калпактын баркын кетиришти, ошол кийим менен кыз-келиндерге орой мамиле жасашты. Милиция болсо ошол эркектерди кармап кеткендин ордуна кыз-келиндерди кармап кетпедиби. А эмнеге кимдир бирөө ой-пикирин айтайын десе кыйынсынып келишип эле эркектер аларга сөз бербей коюшат. Биз кечээ жүрүшкө чыккандарды да уга билишибиз керек болчу. Мен ошол феминисттердин укугун бузуп, алардын оюн айттырбай койгон ошол жигиттердин кармалып, жасаган иштери үчүн жоопко тартылышын укук коргоо органдарынан талап кылам.

Эртең ошол активист кыз-келиндер кайрадан жүрүшкө чыгышат экен. Булар прогрессивдүү күч, мен аларды колдойм. 8-мартта милиция кызматкерлери тарабынан да, калпак кийип кирип келген эркек кишилер тарабынан да аларга карата орой мамиле жасалды. Бул үчүн бардык кыргыз аялдарынан кечирим сурайм", - деди Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан