Депутат Экотехинспекциянын кызматкерлери пара менен кармалганын эске салып, мекеме жетекчилиги тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты

Азыркы учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында 52 бош кызмат орду бар. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтканын парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, кызматкерлер көп кетип жатканына байланыштуу келерки аптада алардын саны алтымыштан ашышы мүмкүн.

Депутат Алмасбек Акматов акыркы мезгилде аталган инспекциянын көптөгөн кызматкерлери пара менен кармалганын эске салып, мекеме жетекчилиги тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. "Ушу тапта 6 кызматкер камакта отурат. Бүгүн Таласта дагы 2 кызматкер кармалды деген маалымат бар. Мунун баары деги качан тыйылат?" - деп сурады эл өкүлү.

Мырзабек Жапаркулов мекеме ушундай оор акыбалга кабылып жатканын айтты. "Мен инспекцияга жаңыдан жетекчи болуп келерим менен эле бардык ишти ушундан баштадым. Кызматкерлерди таза иштеп, мекеменин аброюн көтөрүүгө чакырдым. Азыр алардын эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон маяна алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлсө жакшы болмок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан