Бишкекте 15 миң доллар жасалма акчаны сатууга аракет кылган жаран кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, шектүү делинген жаран 6-мартта колго түшүрүлдү.
"УКМК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. кармалды.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары 225-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - дешти мекемеден.
Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат деп кошумчалашты УКМКдан.