Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде депутат Кенжебек Бокоев 8-мартта жөө жүрүшкө катышканга келген аялдардын кармалышы боюнча парламент үн катыш керектигин айтты.
"8-мартта болгон жөө жүрүшкө карата укук коргоо органдарынын чарасы Конституциянын 34-беренесинин бузулгандыгын аныктап, Башкы прокуратура соттун 1-инстанциядагы чечими Баш мыйзамга каршы келет деп билдиришиптир. Ошондуктан бийлик органдарын чакырып ушул маселени карап, эртеңки күнү палатага чыгаруу керек. Биз өзүбүздүн позициябызды билдирбесек, ондогон эл аралык маалымат каражаттарында жөө жүрүштөгү камоолорду көрсөтүп, адам укугу чектелип, аялдарды баса калып кармап жаткандыгы тууралуу өтө жаман маанайды калтырды. Бул боюнча парламент үн катыш керек", - деди Бокоев.