Орусияда "Евразиялык экономикалык союздун жана миграциянын эмгек рыногунун келечеги" деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага элчи Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кеңешчиси Олег Панкратов, Орусиянын президентинин администрациясынын жана пенсиялык фондунун атайын кесиптик башкармалыктарынын жетекчилери жана башка өкүлдөр катышты.
"Конференциянын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларынын мазмундуу жана кеңири баяндамалары жасалып, Евразиялык экономикалык союздун алкагында эмгек мигранттарынын укуктук абалдарын жакшыртуу боюнча сунуштар, алардын ичинде миграциялык каттоого тургузуу жол-жоболору тууралуу, азыраак укук бузуулар үчүн административдик мыйзамды либералдаштыруу, эмгек мигранттын жана анын үй-бүлөсүн милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу, ошондой эле эмгек мигранттарды кабыл алган Союзга мүчө өлкөгө кирүүнүн максатын өзгөртүү жана башка миграциянын актуалдуу маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.
Конференция Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилиги тарабынан Орусия Федерациясынын өкмөтүнө караштуу Финансы университети менен биргеликте уюштурулганы белгилүү.