Жогорку Кеңештин комитетинде Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер каралды

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин депутаттары Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө Марлен Тентимишов менен Алтынбек Түмөновдун талапкерлигин колдошту. Депутаттар талапкерлерге суроо беришкен жок.

Булар Тилектеш Бегалиевдин жана Айбек Моноловдун ордуна каралып жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди карашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан