Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.
Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жөө жүрүштү үчүнчү күчтөр пайдаланып кеткенин айтты.
"Мен аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка каршымын. Жогорку Кеңештеги аялдар форумунда дагы бул маселени көп карайбыз. 8-мартта зордук-зомбулкка каршы митинг өткөрөбүз деп үчүнчү күчтөр пайдаланып кетти. "Чай куйбайм", "күйөөгө тийбейм" деп чыгышты. Бул ар бир жарандын укугу. Кыргыздардын канчалаган кыйын, белгилүү аялдары бар болчу. Алардын үй-бүлөөсү дагы болгон. Митингдин каржыланганы боюнча дагы текшерилиши керек. Ошол жөө жүрүшкө катышкан кээ бир аялдар дайыма митинг өткөн жерлерде эле жүрүшөт. Бул нерсени кандай түшүнсө болот?" - дейт Аида Исмаилова.