8-мартта аялдардын зомбулукка каршы маршка катышкан активист аялдарды милиция кызматкерлери кууп таркатып, айрымдарын кармап кетишкен. Бул көрүнүш коомчулукта талкууга алынып, айрымдары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сындашса, кээ бирлери маршка катышкан аялдарды сындап жатышат. Ошол эле учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылгандар дагы бар. Бүгүн Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев кызматтан кетиши керектигин айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "8-мартта маршка чыккан аялдарды милиция кызматкерлери кармап кетти. Мындан улам ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетүүсү талап кылынууда. Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетүүсүнө негиз барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров майрамды майрамдай өткөрүү зарыл деген ойдо.
"Биринчиден, Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетишине негиз жок. Ал киши ички иштер министри катары Кыргыз мамлекети боюнча коомдук тартипти камсыз кылууга милдеттүү. Алар мыйзамдын негизинде иш кылат. Экинчиден, 8-март күнү марш кандай максатта уюштурулганын билбейм, толук маалыматым деле жок экен. Андай акцияны уюштурганга кандай зарылчылык болгон? Элдин баарысы майрамдап, жакшы маанайда жүрүшкөн. Алар биздин кыргыздын баалуулуктарга туура келбеген жазууларды көтөрүп чыгышып, коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келгенби же башка жактан тапшырмалар болгонбу белгисиз. Тилекке каршы жакшы эмес көрүнүш болуп калды. Бет кап кийген балдар тарабынан дагы одоно мамиле болду. Эң негизги айтарым, майрамды майрамдай эле өткөрсөк жакшы болмок", - дейт Мирлан Бакиров.