Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун кызы Анна апасынын абалы тууралуу үн катты

Онкологиялык оору менен алышып жүрөт делген орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун кызы Анна Заворотнюк Инстаграм баракчасында апасынын абалы тууралуу үн катты.

Анна Инстаграм баракчасына Италияда түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Сүрөткө комментарий калтырган катталуучулардын арасында апасы, Анастасия Заворотнюктун абалын сурагандар көп болгон. Катталуучуларына жооп катары Анна "Баары жакшы, биз апамдын ден соолугу үчүн күрөшүп, сыйынып жатабыз" деген билдирүү калтырган. Дагы бир катталуучусу эки жыл мурун онкологияга кабылган энесин жоготуп алганын жазган. Ага Анна "Сиздин жоготууңузга көңүл айтам. Бирок биздин кырдаалда баары жакшы болот жана биз жеңебиз. Мен буга ишенем" деген оптимисттик маанайда жооп берген.

Эске салсак, 2019-жылы жайында "Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Азыркы күнгө чейин актрисанын абалы тууралуу жакындары так маалымат бербей келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-03-10 23:00:21
Ден-соолук берсин!
+9
suban78
2020-03-11 00:58:19
Алла Таалам ушул кызга да шыпаасын берсин. Тезирээк айыгып кет Анастасия
+6
Aituwas
2020-03-11 02:36:58
Кызы мынча татынакай .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан