Ош облусунун Кара-Суу райондук электрстанциясына бомба коюлган деген маалыматты тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"10-мартта Ош облустук башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районундагы РЭСке бомба коюлган делген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам топ барып, райондук электрстанциянын кызматкерлери эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Мекемени текшерүүдө жарылуучу зат табылган эмес.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган Э.К. аттуу тургуну кармалды. Кармалган жаран мас абалында болгондуктан жалган чалуу жасагандыгы такталды. Ал Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды.
Бул факт 246-берене (террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.
УКМК эскертет, жалган маалыматтарды тараткандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.