Кечээ, 10-мартта Кыргыз өлкөсүндө доллар кескин кымбаттады. 1 доллардын баасы 3-4 сомго жогорулады. Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйын берип, сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жоктугун айтты. Ал коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди. Бул кыска мөөнөткө гана созуларын кошумчалады.
SUPER.KG порталы "Доллар кескин кымбаттоодо. Мындай кризиске өкмөт даярбы? Бул өңдүү каатчылыктан кантип чыгуу керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров ар бир мамлекеттин экономикалык саясаты боло турганын эскертти.
"Мындай учурда өкмөт өзүнүн чукул чогулушун өткөрүшү керек. Бул Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ичинде көтөрүлүп жаткан маселе эмес да. Акыркы учурда коронавирус жайылып баштады. Көп жерлерде карым-катнаш, туризм токтоп калды. Ошого байланыштуу мунайдын колдонулушу азайып, анын баасы түштү. Мындан кийин доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Биз азык-түлүк коопсуздук боюнча маселеге өзгөчө көңүл буруп коюшубуз зарыл. Коомчулукта дүрбөлөң болбошу керек. Дүрбөлөң боло турган болсо тамак-аш көйгөйү чыгып калышы мүмкүн. Бул убактылуу нерсе деп күтүп туралы, күндүн жылышы да жакындап калды. Буюрса жалпы дүйнө жүзүн каптаган жаман дарт жок болсо, экономикалык абал өзүнүн жолуна түшүп калат. Биз өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгабыз, кайра башка мамлекеттерден продукция, кийим-кече, мунайды алып келебиз. Ошондуктан дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга Кыргыз мамлекети сөзсүз байланыштуу деп айтсам жаңылышпайм. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Бизде жалпы экономикалык саясат ЕАЭБдин ичинде болуп жаткан нерселерге таасирин берип турат. Алдын ала жасай турган көп нерселер бар. Ошолорду жасаш керек. Ар бир мамлекеттин өзүнүн ачык жана көмүскө саясаты болот. Ошол көмүскө саясатта туура ойлонуп, туура чыгып кете турган болсок жакшы. Бизде 2015-2016-жылдары Казакстанда, Орусияда девальвация болгон. Кыргыз мамлекети ошол абалдан туура чыгып кеткен. Ар бир мамлекеттин өзүнүн экономикалык саясаты болот. Ошолорду колдонуу керек", - дейт Зулпукаров.