"Манас-аэропорт" көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"Стамбул-Бишкек" каттамы менен учуп келген 1991-жылы туулган Н.Ж.к. аттуу Кыргыз жараны чек арачыларга жалпы жарандык паспортун көрсөткөн. Документтерди текшерүү учурунда анын башка бирөөнүн паспортун көрсөткөнү аныкталган. Тыкыр териштирүү жүргүзүлгөндө аталган жаран эжесинин паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылганы билинген. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң Н.Ж.к. УКМКнын аймактык бөлүмүнө андан ары териштирүү иштери үчүн өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.