Бишкек шаарында “Үмүт Кубогу” аттуу аялдар арасындагы футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке кыргызстандык 2 команда жана Казакстан, Ооганстан командалары катышууда. Эки айлампанын жыйынтыгы боюнча “Кыргызстан 1” командасы “Алматы” жана “Кыргызстан 2” командаларын жеңип, алдыга озуп чыкты. Финалдык беттеш 27-августта өтмөкчү.