Өзгөндө шахтадагы кырсыктан 40 жаштагы Украин жараны каза болуп, дагы бир адам жаракат алды. Алар чалгындоо иштерине чакырылган

Өзгөндүн Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда жайгашкан “Сай-Аска” көмүр кенин казган ишканасында кырсык орун алып, Украинанын жараны каза болду. Дагы бир жаран жаракат алды. Маалыматты Ош ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 10-мартта саат 04:00 чамасында “Сай-Аска” көмүр кенин казуучу ишканасына тиешелүү шахтанын ичинде орун алып, анда темирден жасалган тирегичтер кулап, топурак, таштын алдында Украинанын 1979-жылы туулган М.Е. жана 1976-жылы туулган Б.И. аттуу жарандары калган. Кырсыктын кесепетинен М.Е. окуя болгон жерден каза болгон, ал эми Б.И. бутунан жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.

"Сай-Аска" көмүр кенин казуучу ишканасында Украинанын 21 жараны иштеп жаткан. Алар чалгындоо иштерине адис катары чакырылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, схема түзүлүп, тийиштүү материалдар топтолду. Ал эми каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош шаарынын өлүкканасына жөнөтүлдү. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында ыкчам иликтөө жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет мекеменин басма сөз өкүлү.

Аталган көмүр кенин казуучу ишкана 2019-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облусу жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өтүп, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынын №4552 СЕ лицензиясын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-03-11 18:18:04
Чалгындоо деп лицензия алышат да кенди казып бүтүрүшөт.Алтын казгандар деле чалгындап жүрүп түгөтүшөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан