Ленин району боюнча салык органына жаңы жетекчи дайындалды

Ленин району боюнча салык органынын жетекчиси болуп Руслан Касымов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Дайындоо жөнүндө буйрукка 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Жаңы жетекчи мурда Биринчи Май району боюнча салык органында бөлүм жетекчисинин кызмат ордун ээлеген. Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси 9-мартта кызыкчылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалып, кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан