"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчисинен тендерди утуп алууга жардам беребиз деп 1 миллион доллар пара сураган деген шек менен 3 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 10-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында 250 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда Кыргыз жарандары кармалган. Алар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1960-жылы туулган тургуну С.у.Ж., Нарын облусунуну Жумгал районунун 1964-жылы туулган Ш.М. жана 1965-жылы туулган Н.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну.
Алар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 миллион доллар өлчөмүндө пара сурап, кийин 250 миң долларга түшүрүшкөн.
Ошондой эле С.у.Ж.га карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды. Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында С.у.Ж. Кыргыз Республикасынын президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары 38-берене (кылмышка даярдык көрүү) жана 204-берененин 3-бөлүмү (алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.