Короодо турган унааны айдап качканга шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 10-мартында болжол менен саат 02:55 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде автоунааны уурдап качканга аракет кылып жатат деген маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда 1979-жылы туулган Ю.Б. арыз менен кайрылган. Арызында ал короосунда токтоп турган Honda CRV үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран айдап кеткенге аракет жасаганы тууралуу жазган. Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене боюнча (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.