Депутат Нышанов: "Өлкө суу аз боло турган циклге келди"

Депутат Сайдулла Нышанов өлкө суу аз боло турган циклге келгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Коронавирус боюнча айтып жатабыз, ошондой оор мезгил суу боюнча келиши мүмкүн. Суу аз боло турган циклга келип жатабыз. Муну баарыбыз айтып жатабыз, тилекке каршы, маселе каралбай жатат. Айтмамат Кошоевичке (ред. "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров) Бишкек шаарындагы көчөлөрдө жарыктар өчүрүлбөй жатканы боюнча айткам. Ал "Бишкек свет" ишканасы мэрияга карайт" деп айткан. 6-мартта Логвиненко көчөсүндө жарыктар күйүп турду. 10-мартта 18:45те бардык жерде жарык күйүп туруп, жарым сааттан кийин өчүрүштү. Бул учурда канча сууну кетиришти. Кийин электр жарыгын өчүрүү болгондо элде нааразычылыктар башталат. Ошондуктан бардык нерсени тартипке келтирүү керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан