Казакстанда каратэ боюнча өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу Бактыбек уулу Нурабил (65 кг) коло медаль утту. Бул тууралуу КРнын Каратэ федерациясынын башкы катчысы Николай Рагрин билдирди. Мелдешке Кыргызстандан эки спортчу катышты. 65 килограммдык салмакта күч сынашкан Айдар Бактыбеков жеңишке жете алган жок.