Депутат: "Мигранттар Кыргыз мамлекетинде биздин укугубузду коргоп бере ала турган орган барбы деп сурап, кайрылып жатышат"

"Мигранттар Кыргыз мамлекетинде биздин укугубузду коргоп бере ала турган орган барбы деп сурап, кайрылып жатышат" деп бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

"Биздин мигранттарыбыз үй-бүлөсүн багуу үчүн башка өлкөгө кетип жатышат. Бирок ошол эле мезгилде Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөргөнгө эбегейсиз салымдарды кошуп келүүдө. Алар Кыргыз мамлекетинде биздин укугубузду коргоп бере ала турган орган барбы деп айтып жатышат. Кыргыз мамлекетинен чыкпай жатып укугубуз бузулат деп билдиришет. Биздин мигранттар жол киренин арзанына карап, поезд, учак менен кетпей такси, автобус менен кетишүүдө. Казакстанга киргенде 4-5 саат күтөбүз, Орусияга киргенде дагы 3-4 сааттан кийин киребиз дейт. ЕАЭБге кирбеген өлкөнүн жарандары шыр эле кирип кетише турганын айтышууда. Мындан тышкары алар биздин паспортторду, айдоочу күбөлүктөрдү сатууну токтотууну суранып жатышат. Залакасы катуу тийип жатканын айтышты. Мигранттар кыйналганы үчүн кайрылуу жасашууда", - дейт Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан