Ырчы Чолпон Талипбектин сиңдиси келин болду

Ырчы Чолпон Талипбектин эгиз сиңдилеринин бири турмуш жолуна аттанды. Тагыраагы, модель, "Таиланддагы каникулда", "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" тасмаларында роль жараткан Медина Талипбек сүйүктүүсүнө турмушка чыкты. Учурда АКШнын Чикаго шаарында окуп жаткан Медина айым үлпөт той Кыргыз өлкөсүндө болорун айтат.

"Менин жолдошумдун аты Аскат. Экөөбүз Инстаграм аркылуу таанышып, 1 жылдан ашуун кыз-жигит болуп жүрдүк. Аскат көп жылдан бери АКШда жашайт. Менин бул жакка келгениме жарым жыл болуп калды. Бир апта мурда Аскаттын ата-энеси АКШга келишип, бизге батасын беришти. Кыргыздын салты менен кайненем мага сөйкөсүн, ак жолугун салды. Жолдошумдун ата-энеси таятам, апам менен видеобайланыш аркылуу таанышты. Таятам менен апам дагы бизге батасын беришти. Буюрса, үлпөт тоюбузду күз мезгилинде Кыргыз өлкөсүндө өткөрөлү деп жатабыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
katerina.li
2020-03-14 16:33:27
Ой шумдук жанылык. Бул жанылыкты кыргыз эли билбесе жаман болмокпуз. Кантип жашамакпыз билбейм
+38
vikidiki
2020-03-14 16:49:30
,"Делбирим "же ойногон актрисабы?
-6
Kalnazarov89
2020-03-14 21:29:06
Мен алайын деп журдум элего оооооо
+1
aimai
2020-03-14 22:21:46
cholpon talipbek degen ozu kim ele
+6
Patoshik1
2020-03-15 13:27:46
aimai,Ким экенин билген учун кирдин да бул жанылыка)))))))))))))))))))))) вуахахааахаахаа
-2
ainura220888
2020-03-15 00:12:32
Бул кыз деле театра иштеп жургон фильмге тартылган актриса кыз. Бактылуу болсун. Албай жагат ушул кыздар.
+2
iryi1
2020-03-15 01:21:33
Абдан сулуу кыз экен. Ар дайым ушундай, сулуу, жакшынакай болуп журо бер.
+1
Aliar1
2020-03-15 13:53:54
Кошналары жонундо кутобуз эми сабырсыздык менен
+2
iryi1
2020-03-15 15:22:30
Красавица.
0
Kumarchik
2020-03-17 11:22:43
Бактылуу бол ананайын Медина
Коп балалуу бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан