Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. 11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. Республикалык штабдан Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбаганын билдирип келишет.
SUPER.KG порталы "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров өкмөт коронавируска каршы жакшы иш алып барып жатканын айтты.
"Бул боюнча өкмөттө атайын штаб түзүлгөн. Коронавируска каршы иштер жүрүп жатат. Чет мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү жакшылап көзөмөлдөө керек. Коронавирус жок деп ишенебиз. Кудай сактасын бизде жок эле болсун. "Сактыкта кордук жок" деген сөз бар го өкмөт ошонун негизинде жакшы иш алып барып жатат. Бир адамга коронавирус жугуп калса коркунуч алып келиши мүмкүн. Мындай учурда өкмөт талап кылган нерселерди бардыгыбыз аткарышыбыз керек", - дейт Масабиров.