Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.
"Бүгүн, 12-мартта Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында, 2 миң долларды пара катары алып жаткан жеринен О.М. аттуу Биринчи Май райондук сотунун судьясы кармалды. Иштин алкагында сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дейт маалымат катчы.