Аксыдагы мектепте болгон окуучулардын мушташынан кийин мектеп директору иштен алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташынан кийин мектеп директору иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

"Окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган. Мектептин директору Кененбай Шабданов өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду. Министрлик аталган мектептин ата-энелери, жергиликтүү коомчулук, мектеп мугалимдеринин биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгы боюнча тапшырмаларды берди. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарбиялык иштерди күчөтүү, комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташы боюнча облустук милициядан төмөнкүлөрдү билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2020-03-12 17:52:34
Ата-энелерининда жоопкерчилиги каралыш керек
+3
Adil18
2020-03-12 18:02:38
Билим беруу министригинин окулдору эмне куноосу учун МЕКТЕП директору жумушунан бошотулду?
Президент Сооронбай Жээнбеков,
ЖКнын торагасы Дастан Жумабеков,
Премьер министр Мухамедкалый Абылгазиев,
КРнын акыйкатчысы Токон Мамытов,

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар силердин мамлекетинерде болуп жатабы?
Эмнеге мектептин директорунун укуктары бузулуп жатса эч нерсе болбогондой журо бересинер.
+3
Adil18
2020-03-12 18:18:46
Adil18,
Анда директорду эле кызматтан кетирбестен,Билим беруу министрин дагы кызматтан алышынар керек.
Кызматтан албасанар анда мектеп директорун ордуна коюп койгула.
+3
Aroiz
2020-03-13 02:07:04
Adil18,Эркекче соз болду
+1
Adil18
2020-03-12 18:36:30
Кызматтан алуу менен бир нерсени озгортуп жатасынарбы?
Жоопкерчиликти жеке окуучулардын оздоруно койгула!
Мектеп директору ойдо жок жерден эле кызматынан алынып жатса жинин келет экен.
Мектеп мугалимдери сыяктуулардын укуктары бузула берсин дагы,министр,президентке окшогондордун туура эмес кылган же жон гана убакытты откоруп айлыкты алып кун откоргондорго эч кандай чара корулбойт.
АКЫЙКАТ КАЙДА Токтокучук Мамытов мырза!
+3
Dani
2020-03-12 22:02:05
Директор причем бул жерде тооба?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан