Жайылда аракты мажбурлап ичиргенден кийин каза болгон 6 жашар баланын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды

Чүй облусунун Жайыл районунда алкоголдук ичимдикти мажбурлап ичиргенден улам каза болгон 6 жашар баланын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Анда каза болгон баланын энеси менен чогуу жашаган шектүүнү сот күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

11-июлда Жайыл районуна караштуу Ставропавловка айылында А.П. аттуу 60 жаштагы жаран менен каза болгон баланын апасы чогуу алкоголдук ичимдик ичип отурушкан. Аларга үйдүн кожоюнунун уулу дагы кошулган. Каза болгон баланын апасына чогуу ичип жаткан таанышы тийише бергендиктен ал үйдөн чыгып кеткен. Курсагы ачкан 6 жашар бала тамак сураганда үйдүн кожоюну ага помидор карматып эки рюмка арак ичирүүгө мажбурлаган. Бала эртеси күнү ооруканага жеткирилгенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asad9
2020-03-12 22:18:08
Киши өлтүргөнгө каяктагы 7 жыл . 20жылдан ылдый болбош керек. Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизгиле. Жеке мен сунуштайм.
Анын үстүнө жашы жете элек өспүрүм болуп жатпайбы. Жаза аябай катаал болуш керек болчу.
Ошондо ким болбосун ойлонот ар бир жазаган жаңылыш кадамы үчүн. Ушу соттун берген чечимдерине күйөсүң да жөн элечи.
+5
Aimani
2020-03-13 00:19:52
asad9,кошулам. Өтө эле аз бериптир
+3
Adil18
2020-03-13 00:56:52
asad9,
Туура айтасыз.
Кыргызстандагы мыйзамдарга тушунбойсун.
Адам олуму,жашы жете элек оспурумдун олуму учун болгону 7 жылга гана бааланабы?
Кыргызстанда качан кыргызымдын чыгаан эр журок,мекенчил,тарыхка маданиятка,медицина,сот,экономика тармагын терээн тушунгон,убадасына турган,кадр саясатына конул бурган жетекчи келет экен.
План менен иштеп,элдин жашоосун ондоп,элимдин баарысы татыктуу жашаса экен бул омурдо.
+3
aiba_00
2020-03-13 09:04:28
Жайылда деген туура эмес жазылып калган го. Жайыл деген каяк эле деп коем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан