Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берди. 11-мартка карата дүйнөнүн 114 өлкөсүндө коронавирус катталды, ооругандардын саны 118 миңден ашуун, каза болгондордун саны 4 миң 291. Республикалык штабдан Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталбаганын билдирип келишет.
SUPER.KG порталы "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп, аталган инфекция катталган өлкөлөрдүн саны 114кө жеткенин жарыялады. Кыргыз мамлекетинде коронавирус жок дегенге дагы деле ишенип жатасызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков коронавирус жок дегенге ишене турганын белгиледи.
"Мен да бул маселе боюнча элдин арасынан угуп калып жатам. Ошон үчүн саламаттыкты сактоо министрине бир эмес эки жолу бул темада сүйлөштүм. Ал колубуздан келишинче аракет кылып, иш жүргүзүп жатабыз, мындай балээ жок деп айтты. Ал мага расмий түрдө айтып жаткандан кийин ага ишенбей койгонум болбой калат", - деди депутат.