31-август - Эгемендүүлүк майрамына карата Ош шаарында сууда сүзүү боюнча шаар чемпиондугу өтөт. Спортчулар 25 жана 100 метр аралыкка жарышат. Муну Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлү Эрмек Алибаев билдирди. Мелдештин максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө жана шаар чемпионун аныктоо. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарында өтө турган республикалык мелдешке жолдомо алышат.