Бишкек шаарындагы Разаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-март күнү саат 07:30 чамасында болгон. Анда Хонда үлгүсүндөгү унаа менен Mercedes-Benz унаасы сүзүшкөн.
Азыркы маалымат боюнча 3 адам жабыркап, аларды №3 балдар ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен алып кеткен. Жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иштеп жатат.