Шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар шайлоо күрөөнүн эсебинен каржыланганы жатат. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышуу үчүн партиялар 5 миллион сомдон турган шайлоо күрөөсүн беришет. Шайлоочулардын 5 пайыздык добушун алган партияларга күрөө кайтарылат, ал эми жогорудагы чектен өтпөй калгандардын күрөөсү бюджетке которулат. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, дал ушул акчанын эсебинен шайлоочулардын 2 пайыз добушун алган саясий партиялар каржыланмакчы. Бул мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Саясий партияларды мамлекеттик казынадан каржылай турган мыйзам долбоору комитеттен колдоо таап, палатага сунушталганы жатат. Саясий партиялар бюджеттин эсебинен каржыланышы туурабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзам долбооруна каршы экенин айтты.
"Туруктуу партиялары бар, партиялык түзүлүшү калыптанган, парламенттик демократия өнүккөн мамлекеттерде ушундай практика бар. Бирок бул бизге азырынча жарашпайт. Анткени биздин партиялардын бардыгы коррупцияга белчесинен баткан. Бизде партияларда саясатчылар туруктуу идеологияны карманган, принципиалдуу эмес. Алар бүгүн бир партияда, эртең башка партияда болуп, ар бир шайлоо сайын партияларын өзгөртүп жатат. Бул өтө туура эмес. Идеологиялык түшүнүк жок.
Элдер азыр партиялык түзүлүшкө, партиянын калыптануусуна кыжырданып, экономикалык абал жакшы эмес болуп турганда, башка бир муктаждыктарга акча жетпей жатканда олигархтардын партиясына элдин эсебинен акча төлөп берүү деген өтө туура эмес.
Бул мыйзам долбоору өтпөйт, өтсө дагы президент кол койбойт деп толук ишенем. Мындай эреже калыптанса эл таптакыр эле жерге түкүрөт. Бул эреже боюнча парламентке өтүп келген партиялар каржыланат. Парламентке акчасы көп байлар келет. Байлар келип, партиясын кайрадан элдин эсебинен каржылаганы адилеттүүбү? Эгерде партиялык коррупция болбой, парламентке карапайым партиялар келсе мамлекет жардам берсе бир жөн эле.
Бул деңгээлге качандыр бир кезде, балким, 10, 20 жылдан кийин жетебиз. Бирок азыр бул кадамга баруу эрте", - дейт Шыкмаматов.