Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанында балдар арасында пикир келишпестик чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү саат 03:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустук оорукананын дарыгери Сузак районунун тургуну 1991-жылы туулган И.С. аттуу жаран денесинен жаракат алып, эсин жоготкон абалда келип түшкөндүгүн кабарлаган.
Окуя 8-марттан 9-мартка караган түнү болжол менен саат 02:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Киңгс" түнкү клубунда болгон. Анда жабырлануучу тааныштары менен эс алып сыртка чыкканда, өз ара келишпестиктен улам бул ишке шектелип жаткан жаран аны бет тарабына уруп жиберген. Ошол убакта ал жерге жыгылып, ошол бойдон эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, ага издөө салынган. Ал эми жабырлануучу 10-март күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.