Бишкекте 4 жашар кызды сүзүп кетип, качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 26-февралында болжол менен саат 18:45 чамасында белгисиз айдоочу Ибраимов көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинен 2016-жылы төрөлгөн жөө жүргүнчү З.Н. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Натыйжада З.Н. №3 балдар ооруканасына кайрылган. Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 12-мартта Ауди А-6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1995-жылы туулган М.О. кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми автоунаа айып короосуна токтотулган", - деп жазылат маалыматта.