Бүгүн, 14-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
"Ишембилик биринчиден, тазалыктын, жакшы маанай тартуулоонун жана тартипке келтирүүнүн майрамы. Бүгүн жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер өздөрүнүн күнүмдүк иштерин калтырып, тазалык иштерин жүргүзүүгө чыгышты.
Кызматкерлер ынтымактуу түрдө имараттын короосун, жолдорду, бакчанын ичин иретке келтиришти. Ишембилик аябай шаңдуу өттү. Таза абада эмгектенүү кызматкерлерге көптөгөн кубаныч тартуулады.
Ишембилик кызматкерлердин башын бириктирүүгө чоң салым кошту. Ишембиликти өткөрүү менен биздин курам башка жарандага үлгү көрсөтөт", - дешти мекемеден.