Чүйдө аялды өлтүрүп, анын жансыз денесин сууга ыргытып жибергенге шектелип 28 жаштагы жарандар кармалды. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, оор кылмышка шектелгендер Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.
Маалым болгондой, 4-мартта Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аял кишинин жансыз денеси суудан табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барышып, 40-45 жаш чамасындагы кебетеси европалык болгон аялды аныкташкан. Анын денесин кароо учурунда көк ала тактар бар экени, киши колдуу каза болгону белгилүү болгон.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө учурунда маркум дайынсыз болуп изделип жаткан 48 жаштагы И.С. экени аныкталды. Кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө 28 жаштагы эки жаран Бишкек шаарынан кармалышты. Райондук соттун чечими менен кармалгандар СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүүлөрдүн бири ири суммадагы карызынан улам кылмыш ишин жасаган. Шектүүлөр кылмышты жашыруу максатында маркумдун сөөгүн сууга ыргытып жиберишкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.