Бүгүн, 16-март күнү ырчы Максат Садырбеков кыздуу болду. Үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу ырчы мырза SUPER.KG сайтына төмөнкүлөрдү айтты.
"Кызыбыз бүгүн жарыкка келди, салмагы 3 килограмм 320 грамм, бою 51 сантиметр. Төрөткө өзүм катышып, келинчегимдин жанында болдум. Кызым мага аябай окшош экен, төрөлгөндө көрүп эле өзүмө окшоштурдум. Азырынча кандай ысым ыйгарарыбызды так чече элекпиз. Жакындарыбыз менен кеңешип, анан коёбуз", - дейт Максат.
Эске салсак, Максат менен сүйүктүүсү Айсулуу 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш кошушкан. Алардын үйлөнүү тою 2019-жылы 6-июнда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.