КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Психикалык ооруканадан качкан баланын окуясын чагылдырган "Жер тоголок" комедиясы SUPER.KG порталында

"Тамашоучу", актёр Кубаныч Курманбеков режиссёрлук кылган "Жер тоголок" тасмасы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү.

Бул тасма психикалык ооруканада чоңойгон Арман аттуу бала жөнүндө. Ата-эне мээримине зар болгон бала алар менен жолугууну самап, өзүнүн жакын досу Маэстро менен ооруканадан качып кетет. Арман көздөгөн кыялына жетип, ата-энесин таба алабы же жокпу тасмадан көрүңүз.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин "Дык-кын-дыш" аттуу ыр, клип популярдуу болуп, интернет колдонуучуларын бийлеткен. Дал ошол чыгарма "Жер тоголок" тасмасын жарнамалоо үчүн 10 күн аралыгында тартылган.

Комедия жанрындагы тасма 2019-жылы тартылып, анда Шайыр Касымалиева, Назым Мендебаиров, Жеңишбек Сманов, Кубаныч Курманбеков, Самат Эркинбеков, Тынай Алыбаев роль жаратышкан.

"Жер тоголок" комедиясын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ananaska
2020-03-16 16:57:54
Это ж плагиат к "Достучаться до небес"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан