Актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Кечээ ал сүйүктүүсүнө сөйкө салып, ата-энелеринен бата алышканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Сүйүктүүмдүн аты - Арууке, Сары-Челектин кызы. Экөөбүз 8 жыл мурун агенттен таанышканбыз. Ал кезде Арууке 9-классты бүткөн окуучу болчу. Ушул күнгө чейин мамилебизди үзбөй, дос катары сүйлөшүп келгенбиз. Кесиби боюнча маркетолог, жумушуна байланыштуу экөөбүз 2 жарнамалык ролик тартканбыз. Тагдырыңа жазылган адам жаныңда болушу мүмкүн деген сөз чын экен. Декабрь айында экөөбүздүн мамилебиз олуттуу баскычка өтүп, кыз-жигит статусуна өткөнбүз. Жакында Аруукеге сюрприз уюштуруп, колун сурагам. Кечээ, 15-март күнү менин туугандарым анын ата-энеси менен таанышып, сүйүктүүмө сөйкө салдык. Арууке үйдүн улуу кызы, андыктан ата-энесинин сунушу менен жайында Сары-Челектен үйүнөн алып келебиз. Ал эми үйлөнүү тойду август айына пландап жатабыз", - дейт актёр.