Бишкекте бет кап кийген үч жаран патрулдук милициянын кызматкерин сабап кетишти

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкери сабалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

12-март күнү саат 23:35 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Ажыбек баатыр көчөсүндө бет кап кийген белгисиз үч жаран милиция кызматкерлерине кол салганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, патрулдук милициянын кызматкери 1982-жылы туулган К.Э. дубинка менен сабалганын аныкташкан. Ал эми кызматкерге кол салгандар белгисиз тарапка качып кетишкен. Кызматкер "Тез жардам" кызматы менен Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда шектүүлөрдү кармоо иш-чарасы жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-03-16 21:22:26
Милициялар жаман ойлорунда акча талап кылыштыда?! Анан дубинка менен жешти да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан