Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде кворум жок жыйын баштала элек.
Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова депутаттар кечигип жатканын айтып, 15 мүнөт тыныгуу жарыялады.
Жыйындын күн тартибине 8 маселе коюлган. "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.