Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинде кворум жок жыйын өткөн жок. Жыйынга 4 гана депутат келди

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде кворум жок жыйын өткөн жок.

Комитетте жалпы 9 депутат бар. Жыйынга комитеттин 4 гана депутаты келди. Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова депутаттар кечигип жатканын айтып, 15 мүнөт тыныгуу жарыялаган. Бирок депутаттар келген жок.

Жыйындын күн тартибине 8 маселе коюлган. "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам долбоору каралмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан