Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы жаңы клип тартам деп көп чыгым тартып, батирин саткан акчаны да ошол жакка коротуп жатканын айтат.
"Жакында жаңы ыр менен клипти чогуу чыгарайын деп клип тарттырып жүргөм. Бул клибим өзгөчө болсун деп орусиялык ырчы Тиматинин командасында иштеген Бек аттуу клипмейкер менен иштешип жаткам. Бизге кызыктуу локация керек болуп, интернеттен терезеден тургузулган жаңы стилдеги үйгө көзүм түшкөн. Алар менен байланышсак, андай кооз үй Бишкекте жалгыз экендигин жана бардык буюмдар көргөзмө үчүн коюлгандыгын айтышты. Алар менен макулдашып, эртеси клипти ошол жактан тартканбыз. Күтүлбөгөн жерден актриса кулап кетип пирамида кылып бийик тизилген бокалдарды сындырып алды. Баары талкаланып, жарактан чыкты. Эртеси ал үйдүн администратору чалып, "силер бизге көп чыгым келтирдиңер, столдун өзү 18 миң сом турат. Андан башка толтура жерди булгаптырсыңар" деп нааразычылыгын айтып, акча сурап жатат. Жаңы клибим мен пландагандан да кымбат чыгып, азыр эле чыгымы 5000 долларга барды. Ошто бир бөлмөлүү батиримди сатыкка койгон элем. Ошол акчаны да клипке жумшап жатам. Жок жерден минтип чыгашага туш болдум", - дейт ырчы айым.