КҮНСОБОЛ: Коңшу өлкөлөрдө коронавирустун катталышы Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктүн баасын көтөрүп, эл ичинде дүрбөлөң жаратты. Бул жаатта өкмөттүн ишин кандай баалайсыз? Тиллаев: "Бул багытта өкмөт түздөн-түз милдетин аткарды"

Өткөн аптанын соңунда Казакстанда коронавирус катталды. Дем алыш күндөрү Өзбекстанда дагы катталып, Кыргыз мамлекетинде эл ичинде дүрбөлөң жаралып, азык-түлүктөрдүн баасы жогорулады. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты. Өкмөт башчы Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндөгү ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

SUPER.KG порталы "Коңшу өлкөлөрдө коронавирустун катталышы Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктүн баасын көтөрүп, эл ичинде дүрбөлөң жаратты. Бул жаатта өкмөттүн ишин кандай баалайсыз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев алдын алуу иштер жүрүп жатканын айтты.

"Бирок жетишсиздиктер болуп жатты. Эл арасында ун жана башка азык-түлүктөр боюнча дүрбөлөңдө өкмөт өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарды десек болот. Өкмөт башчы, жергиликтүү органдын башчылары базарларга, соода борборлорго барышты.

Бул көйгөй бүгүн эле бүтүп калат деп ойлобош керек. Көпкө чейин созулушу мүмкүн. Алдын алуу иштерин жүргүзүп, чечимдерди кабыл алуу шарт. Өзбекстанда ушундай дүрбөлөңгө салган ишкер, аткаминер же жөнөкөй жаран болобу 5 жылга эркинен ажыратып жатат. Биз дагы ушундай чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек.

Азыр интернет өнүккөн убакта оор абалда, мамлекет өзүнүн түздөн-түз функциясын аткарып, элдин коопсуздугун, биримдигин камсыз кылышы зарыл. Коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүү абзел", - дейт Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан