Коронавирус чуусу башталган 2 жарым айдан бери өлкө экономикасы бир топ сыноолорго кабылды. Алгач эле Кытай менен болгон чек ара жыбылып, экономикалык, социалдык жаатта таасирин бере баштады. Андан кийин дүйнөлүк рынокто нефтинин баасынын төмөндөшү Орусия, Казакстан сыяктуу нефти өндүрүүчү мамлекеттеринин валюта курсунун кунун жоготууга алып келди.
Кыргыз өлкөсү үчүн дагы бул жагдай таасирин бербей койгон жок. 10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап, акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарып, абал туруктуу деп билдирген.
Ошентип коронавирус бүтүндөй мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн актуалдуу темасы жана көйгөйү катары калууда. Эпидемиологиялык абал баарынан да өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип жатканы талашсыз.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн ишкерлери менен баарлашып, алардын компанияларынын учурдагы абалы, рынокто кармалып туруу үчүн жасап жаткан иштери тууралуу сурады. Ушул жана башка суроолорубузга курулуш тармагындагы бир катар ишкерлердин атынан "Евразия Логистик КейДжи" ЖЧКсынын логистика боюнча менеджери Анастасия Карпова жооп берди:
- Коронавирус чуусу ишкерлерге канчалык деңгээлде таасирин берип жатат?
Эми биз эпидемия коркунучунун төмөндөшүн күтүп жатабыз. Ошондой эле альтернативдик жолдорду издөө боюнча чараларды көрүп жатабыз. Учурда ташуучу жүктөрдү Казакстандан темир жол аркылуу алдыртып жатабыз.
- Ишкерлерге бул жаатта өкмөт тараптан колдоо көрсөтүлүп жатабы?
- Биздин билишибизче өкмөттөн антикризистик программа, иш-чаралардын планы иштелип жатыптыр. Бизнести колдоонун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгып, альтернативдик рынокторду издеп жатышат дешүүдө. Мындай иш-чаралар канчалык деңгээлде пайдалуу жана эффективдүү болорун убакыт көрсөтөт.
- Доллардын курсунун улуттук валютага карата жогорулашы ишкерлер үчүн дагы бир сыноо болсо керек...
- Доллардын курсунун жогорулашы бардыгына эле таасир берди болушу керек. Анткени товарлар жана жүк ташуулар үчүн эсептер жалаң доллар менен жүргүзүлөт. Алсак, Кытайдан гана эмес КМШ өлкөлөрүнөн товар ташыган жеке айдоочулар деле эсепти доллар менен кабыл алышат. Андыктан жүк ташууга болгон баа эми дагы жогорулайт.
- Маегиңизге рахмат.