Өткөн аптанын соңунда Казакстанда коронавирус катталды. Дем алыш күндөрү Өзбекстанда дагы катталып, Кыргыз мамлекетинде эл ичинде дүрбөлөң жаралып, азык-түлүктөрдүн баасы жогорулады. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты. Өкмөт башчы Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндөгү ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.
SUPER.KG порталы "Коңшу өлкөлөрдө коронавирустун катталышы Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктүн баасын көтөрүп, эл ичинде дүрбөлөң жаратты. Бул жаатта өкмөттүн ишин кандай баалайсыз?" деген собол салды.
ТИЛЛАЕВ: "Бул багытта өкмөт түздөн-түз милдетин аткарды"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев алдын алуу иштер жүрүп жатканын айтты.
"Бирок жетишсиздиктер болуп жатты. Эл арасында ун жана башка азык-түлүктөр боюнча дүрбөлөңдө өкмөт өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарды десек болот. Өкмөт башчы, жергиликтүү органдын башчылары базарларга, соода борборлорго барышты.
Бул көйгөй бүгүн эле бүтүп калат деп ойлобош керек. Көпкө чейин созулушу мүмкүн. Алдын алуу иштерин жүргүзүп, чечимдерди кабыл алуу шарт. Өзбекстанда ушундай дүрбөлөңгө салган ишкер, аткаминер же жөнөкөй жаран болобу 5 жылга эркинен ажыратып жатат. Биз дагы ушундай чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек.
Азыр интернет өнүккөн убакта оор абалда, мамлекет өзүнүн түздөн-түз функциясын аткарып, элдин коопсуздугун, биримдигин камсыз кылышы зарыл. Коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүү абзел", - дейт Тиллаев.
ОРМОНОВ: "Эл ичиндеги дүрбөлөңдүн алдын алуу иштери болбой калды"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов эл ичиндеги дүрбөлөңдүн алдын алуу иши болбой калганын айтты.
"Алдын алуу аракеттери болбой калган. Бирок дүрбөлөң башталганда бүт иш аракеттер башталды. Аткаруу бийлиги элди тынчтандыра алды. Дүрбөлөңдүн алдын алыш керек болчу. Ушундай болору белгилүү болчу. Менин оюмча, убагында реакция кылып, өкмөт бул жаатта жумуштарды аткарды", - дейт Улугбек Ормонов.
КАРАШЕВ: "Президент Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөргөндөн кийин гана өкмөттүн иши жанданды"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бул жаатта өкмөт бир аз кечигип иш алып барганын белгиледи.
"20 күн мурда өкмөт бул жаатта иш алып барууда кечигип жатат деп айттым эле. Январдын аягында коронавируска байланыштуу биздин экономикага, кыргыз элине кандай таасир этет деп кризиске каршы программа кабыл алышыбыз керек эле.
Президент Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөргөндөн кийин гана өкмөттүн иши жанданды. Эми иштей башташты. Алар алдын алуу иштерин жүргүзсө, дүрбөлөңгө жол берилбей калмак. Өкмөт бир аз кечигип иш алып барууда", - дейт Карашев.
МАМАСАЛИЕВ: "Өкмөт жана Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери өз иштерин бир аз кеч болсо дагы жакшы эле аткарып жатышат"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев мындай жагдайда эң негизги нерсе дүрбөлөңгө жана алып сатарларга жол бербеш керек деген пикирде.
"Менин оюмча, өкмөт жана Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери өз иштерин бир аз кеч болсо дагы жакшы эле аткарып жатышат.
Азыр өкмөт маалымат каражаттары, смс, Whatsapp аркылуу ар бир саат сайын элге азык-түлүк коопсуздук маселеси жана алардын баасы боюнча толук, ачык маалыматтарды таратышы керек. Тийиштүү маалымат элге өз убагында жетип турса, анда ушактар, алып сатарлар жок болот", - дейт Мамасалиев.
КЕЛДИБАЕВ: "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп айтса болот"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп айтуу эрте экенин билдирди.
"Премьер-министр, мэр, губернаторлор базарларды кыдырышты. Премьер-министр "эч кандай азык-түлүк боюнча көйгөй болбойт, Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштүм, чек ара жабылбайт" деп айтып жатат. Бул деген биздин өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугуна карата даярдыгы жок дегенди билдирет.
Биздин премьер-министр азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдар иштебегенин далилдеди. Эгерде азык-түлүк маселеси чечилгенде өкмөт кабинетинде отуруп маалымат каражаттары аркылуу чыгып бул аймакта мынча азык-түлүк бар деп так санын айтмак. Коронавирус күчөп кетсе Казакстан толугу менен чек арасын жаап салышы мүмкүн. Азык-түлүктүн баасы кескин жогорулап, элдин ичинде нааразычылык күчөп кетиши ыктымал. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп айтса болот", - дейт Келдибаев.