Тамада, шоумен Эрнест Бөрүбаев кыздуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.
"Кечээ, 15-март күнү келинчегим көз жарып, кызыбызды аман-эсен жарыкка алып келди. Азыр эне-баланын абалы жакшы. Кызыма өзүм Даткайым деген ысым ыйгардым", - дейт Эрнест мырза.
Эске салсак, Эрнест Бөрүбаев менен келинчеги 2015-жылы баш кошушкан. Учурда 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.