Бир канча унааны айдап качкан деген шек менен Казак жараны кармалды

Октябрь РИИБинин кызматкерлери унаа айдай качкан деген шек менен Казакстандын жаранын кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 8-апрель күнү Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 7-апрель күнү саат 20:30 чамасында Лексус үлгүсүндөгү унаасын көп кабаттуу үйдүн алдына токтоткон жеринен белгисиз жаран айдап качкан.

Ал эми 2019-жылдын 23-декабрь күнү Октябрь РИИБине Б.К. аттуу жаран кайрылган. Арызда 22-декабрь күнү 4-кичи райондон Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап кеткенин айтып, тийиштүү чара көрүүнү суранган.

2020-жылдын 13-январында жогорудагы РИИБине жаран арыз менен кайрылып, анда ошол эле түнү Тойота Камри унаасын Көк-Жар кичи районунан белгисиз жарандар айдап кеткенин айтып кайрылган. Ошондой эле 16-февралдан 17-февралга караган түнү дагы бир Тойота Камри унаасы уурдалган. Бул фактынын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө тобу издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1992-жылы туулган М.Д. аттуу Казак Республикасынын жаранын кармашкан. Анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга СИЗО-1ге киргизилген. Ошондой эле шектүүнүн жанынан унааларга тийиштүү далил буюмдар алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2020-03-17 00:13:19
Тойота камри жагат окшойт да балага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан