Ырчы Назира Токонова уулу Ариеттин тушоосун кестирди. Ырчынын айтымында, тушоо тойду чоң кылып белгилешкен жок.
"Уулумдун тушоосун Балыкчы шаарында кестик. Ариеттин чоң атасы менен чон апасы ырымын кылып коёлу дешип, үйдө чакан той өткөрүп, жоро-жолдошторун чакырышты. Буюрса, чоң тойду жакында беребиз", - дейт ал.
Ырчы менен жолдошу Чыңгыз 2018-жылы 13-июнда уулду болушкан.
Айта кетсек, Назира Токонова музыка сүйүүчүлөргө "Сагыныч", "Сага", "Мейли эстебе", "Өкүнүч", "Кайгырба, жаным" жана башка ырлары менен белгилүү.