Актёр жана шоумен Анвар Осмоналиев Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болду. Ал 16-мартта сүйүктүүсү Эл-Айга үйлөндү. Актёр кыргыздын каада-салты менен жубайын ата-энесинин колунан алып кетти.
Күйөө жолдоштун милдетин алып баруучу Эркин Нурбаев аркалады. Ал эми ырчы Курал Чокоев, "Музаман" тобунун ырчысы Аксай Мукамбет уулу күйөө баланын досу катары жүрүштү.
Бойдокчулук менен коштошкон актёр үлпөт той эртең, 18-мартта Бишкектеги тойканалардын биринде орун аларын айтты. "Жубайымды ата-энесинин колунан Башкара-Суу айылына (Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу) алып кеттик. Ал жактан келинчегимди көшөгөгө отургузушуп, каадасын жасашты", - дейт ал.
Анвар Осмоналиев "Асман алдында" тасмасында, орусиялык "Идентификация" сериалында роль жараткан. Ал ушул жылдын январь айында сүйүктүүсүн ачыкка чыгарып, эки тараптын ата-энелери жакындан таанышканын айткан.