КҮНСОБОЛ: Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөт бир топ чектөө жана тыюуларды кабыл алып жатат. Ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү шарт? Пирматов: "Ишкерлерибиз чоң чыгашага дуушар болуп жатат"

17-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 181 миң 584 болсо, алардын ичинен 7 139 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан тарта жабык турат. Ал эми Өзбекстан менен чек ара толугу менен жабылса, Казакстандын чек арасына чектөө киргизилди.

Кыргыз өкмөтү тарабынан тойлорду, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, соода, оюн-зоок жайларынын ишине чектөө киргизилди. Ошондой эле кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдарды жабуу боюнча чечими кабыл алынды. Бул тыюу салуу, чектөөлөр ишкерлерге оор келе турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөт бир топ чектөө жана тыюуларды кабыл алып жатат. Ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү шарт?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов ишкерлер чоң чыгашаларга дуушар болуп жатканын айтты.

"Мен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында биринчи кезекте ишкерлердин насыяларынын туумун токтотуш керек деп айттым. Экономика министри "мындай мүмкүнчүлүктөр бар" деп жооп берди. Бүгүнкү күнү ишкерлерибиз чоң чыгашаларга дуушар болуп жатат. Мындай учурда ишкерлерге жардам берүү керек", - дейт Пирматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан