ГЭС-2 айылында мас абалындагы айдоочу бир аялды өлтүрө сүзгөн. Ал үй камагына чыгарылды

Бишкекке жакын ГЭС-2 айылында 9-март күнү жолдун четинде турган аялды жеңил унаа келип сүзгөн. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-март күнү саат 05:30 чамасында болгон. Анда Toyota Ist унаасын 1992-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

"Чыгыштан батышка карай бара жаткан унаа Алма-Ата көчөсүнө кайрылып жатып, 1972-жылы туулган аялды сүзгөн. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери келип, айдоочуну Бишкек шаарындагы наркологиялык борборго алып кетишкен. Жыйынтыгында айдоочу мас абалда болгону аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБине жөнөтүлгөн", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Кырсыктын видеосунда унаа катуу ылдамдыкта келип, жол кырсыгына кабылганын көрүүгө болот.

Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча соттук териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Айдоочунун баш коргоо чарасы каралып, Аламүдүн райондук соту аны үй камагына чыгарган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
murat17
2020-03-17 19:24:02
эмне учун уй камагы же акчасы коп экенби
+2
Asman779
2020-03-17 21:09:01
Адам олуп жатса кантип уй камагында чыгарды. Ушул мас болуп айдагандар олгулору келсе оздору оло берсин бироону ала жатпай. Бир уй булоого зыян алып келди, балдары энесиз калды уйдун кутун очурду.
+2
KaGaH
2020-03-18 06:03:32
Өлтүрө сүзгөн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан